Бишкек шаарында 35 жаштагы жаран жубайын жана алты айлык баласын катуу сабаган. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, 25-февралда милицияга эркек киши жубайын тынымсыз сабап келгени тууралуу маалымат түшкөн.
Бул жолу жаран жубайы менен кошо 6 айлык баласын да сабаган.
Алган жаракатынан улам жубайы Улуттук госпиталга жаткырылган. Анын денесинде ар кандай жаракаттар жана баш сөөгүнөн жаракат алганы аныкталган.
Ошондой эле 6 айлык наристе Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.
Бөбөктүн баш сөөгүнүн сынганы аныкталган.
Пикирлер (1)