Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Башаламандыктар Штутгартка да жетти

22.06.2020 18:55
574
Башаламандыктар Штутгартка да жетти


Өткөн жекшембиге караган түнү Германиянын Штутгарт шаарында жаштардын полиция менен кагылышуусу орун алды. Бир нече жүздөгөн жаштар дүкөндөрдү талкалап, шаардын борборунда кайгуул полицисына кол салышты.


Шлоссплатц аянтында эки жүзгө жакын адам, негизинен бет кап жана баш жапкыч кийген жаштар полицияны таш жана бөтөлкөлөр менен уруп, кол салган топтун саны 500гө чейин жеткен.


Натыйжада 19 полицей жаракат алып, 12 кайгуул машинасы зыян тартты. Мындан сырткары 40 дүкөн талкаланып, алардын тогузу тонолду.


Полиция бардыгы болуп 24 адамды кармады, алардын 12си Германиянын, калгандары башка өлкөлөрдүн жарандары.

Баш аламандыктын баштагычтары Босния, Португалия, Иран, Ирак, Хорватия, Сомали, Афганистандын жарандары.

Эске салсак, Штутгарт Германиянын түштүк-батышындагы Баден-Вюртемберг аймагынын борбору.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн