Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:35
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Башкалардын жашоосуна жарык алып келген киши эч качан караңгылыкта калбайт...

05.10.2023 12:35
241
Башкалардын жашоосуна жарык алып келген киши эч качан караңгылыкта калбайт...


Күнөө караңгылыкта эмес, жарыкты каалабагандыкта. 

(Марина Цветаева)

               

Караңгылыкка наалыба. Андан көрө, өзүң жарыктын кичинекей учкуну бол. 

(Бернар Вербер)


Жандүйнөң караңгылыкка чулганып турганда жарыктын учкуну “жылт” этсе экен. 

(Уильям Шекспир)


Караңгылыктын деле өз кооздугу бар, эгер анда жарык жашынып жаткан болсо. 

(Сергей Лукьяненко)


Күйүп турган чыракты эч ким ыргытпайт. 

(“Көпүрөдө турган кыз” тасмасынан)


Күндүзү чырактын эмне кереги бар? Жарык караңгылыкта гана көрүнөт. 

(Бернар Вебер)


Жарык бизге жаратыбыз аркылуу кирет. 

(Жалалиддин Руми)


Оттун баары эле жарык эмес. Анткени, жарык – чындык, ал эми от болсо алдамчы болушу мүмкүн. “Жарык берет” деп ойлойсуң, ал болсо күйгүзүп салат. 

(Виктор Гюго)


Эсиңде болсун, караңгылык деген болбойт. Ал жарыктын кирүүсүнө жолтоо болгон көлөкө эле. 

(Детектив-медиум Якумо)


Сен менден жарыкты көрүп жатасыңбы? Бул сенин өзүңдүн жарыгың. 

(Сергей Калугин)


Балдар кубанычка жана жарыкка бат көнүшөт, анткени, алар өздөрү кубаныч жана жарык. 

(Виктор Гюго)


Чын сүйүүдөн ал кыска болсо да дайыма жарык чачырап турат. 

(Элчин Сафарли) 


Эгер сен жарык издесең, акыры аны табасың. А эгер караңгылык издесең, кайда барба караңгылыкты гана көрөсүң. 

(“Аватар” тасмасынан)


Башкаларга жарык чачыш үчүн ичиңде күн болушу керек. 

(Ромен Роллан)


Жашоо катаал, бирок аны өлбөстүктүн нуру жарык кылып турат. 

(Сальвадор Дали)


Жарык чач, ошондо караңгылык өзүнөн өзү жоголот. 

(Эразм Роттердамский)


Жарык жарыкты чакырат. 

(Йегуда Берг)


Сулуулук адамдын жүзүндө эмес, сулуулук – бул жүрөктүн жарыгы. 

(Халиль Джебран)


Жарык тийген кезде караңгы булуттар асмандагы гүлгө айланат. 

(Рабиндранат Тагор)


Сен караңгылык менен күрөшпөй койгонуң – караңгылык да сени менен күрөшпөй койду дегенди билдирбейт. 

Сен жарыкка ишенбей калганың – жарык да сага ишенбей калды дегенди билдирбейт. 

(Дмитрий Емец)


Эгер ага ишенсең, жашоонун эң кыйын учурларында да жарык бар. 

(Дин Кунц) 


Караңгылык болбосо жарык да болбойт. 

(Ненси Бильо)


Көлөкө жарыкта гана болот. 

(Жюль Ренар)


Жүрөгүндө күн бар киши жарыкты башка жактан издебейт. 

(Ромен Роллан)


Шамчырак жарык чачканда гана кооз көрүнөт. Адам тууралуу деле ушуну айтса болот. 

(Натаниэль Бузолич)


Эгер жарык караңгылык менен күрөшкүсү келсе, ал ташбоор болушу керек. 

(Сергей Лукьяненко)


Жарык эмне экенин электрик, фотограф, же сүрөтчү эмес, картайган кезде көзү көрбөй калган киши баарынан жакшы түшүнөт. 

(Кобо Абэ)


Башкалардын жашоосуна жарык алып келген киши өзү да эч качан караңгылыкта калбайт. 

(Джеймс Мэтью Барри)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн