Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев боюнча билдирүү таратты

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев боюнча билдирүү таратты


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев боюнча билдирүү таратты. Анда Сегизбаевге карата Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгону айтылат.


УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Башкы мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузушуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан  2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.  Ошону менен бирге, А.Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашып жана бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин  жеке менчиктерине өткөрүп алышкан. Мындан тышкары, А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган. 2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-бер. 1-б. (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган”, - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн