25-ноябрь күнү Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер Имамидин Ташов боюнча материал жөнөткөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
"2020-жылдын 25-ноябрында ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер И.Ташовдун журналисттер менен жолугушуу маалында анын алдыдагы иштери жана максаттары тууралуу интернет тармактарында жарыяланган макалалар Борбордук шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлгөн", - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн