Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Башкы прокуратура Бакай Кашкарбаевге окшогондорго чара көрүүгө милдеттүү экенин эскертти (Видео)

14.01.2021 15:58
1915
Башкы прокуратура Бакай Кашкарбаевге окшогондорго чара көрүүгө милдеттүү экенин эскертти (Видео)

 

Башкы прокуратура прокуратура органдарында кайрылуулар менен иштөө приоритеттүү багыттардын бири болуп саналарын айтып атайын билдирүү таратты. Буга чейин Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев аталган органдын имаратына барып, аларга карата бир катар сындарды айткан эле.


Кашкарбаев Бакай аттуу жарандын “Башкы прокуратурада кабыл алуу жүргүзүлбөй жатат”- деген дооматы чындыка дал келбейт, анткени жарандарды кабыл алуу Жобосуна же башкача айтканда эрежесине ылайык жарандар алдын-ала кабыл алууга жазылышып, андан кийин кезек-кезеги менен киришет. Мындан сырткары, өлкөнүн ар бир жараны жеке кабыл алууга белгиленген тартип аркылуу жазылууга укуктуу экендигин маалымдайбыз. Ал эми, прокуратура органдарынын ишине тоскоолдук жаратып, ушуга окшогон далилсиз жүйөлөрүн тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүүгө милдеттүүбүз. Анткени ар бир жаран мыйзамды жана анын талаптарын сактоого тийиш”, - деп айтылат аталган билдирүүдө. 


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жийде
Туура,тартип катуу болмоюнча иш журбойт.Ар бирибиз барып алып эле ызы-чуу сала бергенде болбойт.Анан эмне учун тике эле генпрокуратурага барыш керек эле,райондук прокуратураларга да кайрылса болот да
Тав
Жапкылачы ушул баланы.Тажатты го.