Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:56
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Башкы прокуратура Киев жана Панфилов көчөсүндө жайгашкан имаратты мамлекетке кайтарды

30.03.2021 10:14
711
Башкы прокуратура Киев жана Панфилов көчөсүндө жайгашкан имаратты мамлекетке кайтарды

Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттин менчигине жалпы баасы 95 млн. 361 миң сомду түзгөн Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мүлк комлексинин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метр түзгөн турак эмес жайлары, ошондой эле 1650 чарчы метр түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Текшерүүдө аныкталгандай, Бишкек шаарынын Киев, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү менен чектелген, колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 га жер участогун жеке жаранга берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы Жарлыгын бузуу менен Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде кабыл алынып, андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Биринчи май райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесин, Мамлекеттик мүлк фондунун буйругун, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жана андан кийинки түзүлгөн бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилген.


Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылган.


2021-жылдын 15-мартында райондук прокуратура тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна прокурордук талап келтирилип, аталган фонддун 23-марттагы буйругу менен жогоруда аталган мүлк комплекси жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн