Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Башкы прокуратура: Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 17 млн сомдон ашык зыян келтирген

29.12.2020 12:27
677
Башкы прокуратура: Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 17 млн сомдон ашык зыян келтирген

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен КЖБРге 9 сотко чейинки ɵндүрүш ишин каттады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү, же  башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн.


Натыйжада, мамлекетке 17 млн. 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген. 


Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына тапшырылды. Азыркы учурда тергөө амалдары башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн