Бугу 01, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Башкы прокуратура Мадумаров жана Нарматованы жоопко тартуу үчүн парламентке кайрылабы?

20.01.2022 18:24
1462
Башкы прокуратура Мадумаров жана Нарматованы жоопко тартуу үчүн парламентке кайрылабы?


Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизүүгө камынууда. Бул тууралуу Reporter.kg өздүк булактарына таянып ​​билдирди.

Алардын айтымында, балким Жогорку Кеңешке сунуш бүгүн түшүп калышы мүмкүн.

Мындан тышкары, «Бүтүн Кыргызстандын» дагы бир депутаты Орозайым Нарматовага карата дагы бир жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш Жогорку Кеңешке даярдалууда. Ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шектелүүдө.

«Мындай кадам менен оппозициялык парламенттик партияга ачык кысым. Менде Башкы прокуратура сунуш киргизгени тууралуу маалымат жок. Бирок ,чындап эле ошондой болсо, бул Башкы прокурордун катасы болот. Анткени тергөө президенттин көрсөтмөсү менен жүрүп жатканы көрүнүп турат. 2009-жылы Мадумаров кол койгон документке юридикалык баа берүү боюнча буйрук чыккан. Эгерде бул документ Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербесе, аны ратификациялоонун кереги жок”,- дейт “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев.


Булак: Reporter.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн