Жашы жете элек окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн мугалимдин окуясынан кийин Бишкектин Октябрь районундагы орто мектептерди текшерүү иштери дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучуга ыдык көрсөткөнгө шектелген мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Буга жейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкектеги № 64 мектеп-гимназиясынын мугалими жашы жете элек окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу макала жарыяланган. Бул фактынын негизинде Октябрь райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, аталган мектептин мугалими А.И. кармалган. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланып жатат.
Мындан сырткары Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын талабынын аткарылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 1995-97-жылдары республикалык Психоневрологиялык диспансерде дарыланган А.И. №64-мектеп гимназиясынын директорунун буйругу менен жумушка алынгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Октябрь райондук билим берүү борборунун директоруна мыйзам бузууларды жок кылып, мугалимдерди жумушка алууда республикалык Психикалык борбордо каттоосу жоктугу тууралуу аныктаманы талап кылуу көрсөтмөсү берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн