Бугу 22, 2024
Убакыт: 00:28
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Башкы прокуратура: Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

04.05.2021 00:51
1197
Башкы прокуратура: Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат


2021-жылдын 29-апрелинде, таңкы саат 04: 40та Тажикстандын туруктуу аскерлери жана бандиттик кошуундары автоматтык курал, миномет, согуштук тик учак, брондолгон оор техника, артиллериялык экипаж жана башка курал менен Кыргызстандын жарандык калкына жүзү каралык менен кол салышты.


"Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмунун 1976-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын Уставынын талаптарын,


1991- жылдагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимди,


1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын,


1994 –жылдагы КМШга мүчө мамлекеттердин чек араларынын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча Москва декларациясын жана 1996-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагына кол салган" – деп жазылган Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн