Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура Жаныбек Абировду жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди

14.03.2023 18:14
346
Башкы прокуратура Жаныбек Абировду жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопко тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой,  Башкы прокуратурасына Бишкек шаардык ички иштер Башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.


Матариалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңешинтин депутаты Ж.Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.

Учурда кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. кармалышкан.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.


Ошондуктан, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн