Бүгүн, 7-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Коллегиялык жыйындын күн тартиби боюнча прокуратура органдарынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланып, Башкы прокурор тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча тийиштүү талаптар коюлду.
Аталган жыйынга прокуратура органдарынын аймактардагы прокурорлору жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн