Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратура аскердик мүлктү уурдап сатып жиберген кызмат адамдарын кармады

25.01.2024 17:43
212
Башкы прокуратура аскердик мүлктү уурдап сатып жиберген кызмат адамдарын кармады


Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик жана башка мүлктөрдүн сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө баасы 165 миң сомду түзгөн электр-скутер түрүндөгү мүлк, аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жана командири тарабынан уурдалып, андан ары сатылып, акчасы жеке муктаждыктарына иштетилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иш боюнча берилген атайын тапшырманын негизинде УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда, чогултулган далилдер менен кылмышка шектүү катары Коргоо министрилигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин командири, гвардиянын подполковниги Т.М. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары аныкталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн