Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура мектептин курулушундагы мамлекетке келтирилген зыяндын бетин ачты

Башкы прокуратура мектептин курулушундагы мамлекетке келтирилген зыяндын бетин ачты

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы социалдык инфраструктура объекттерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу боюнча конкурс өткөрүлүп, курулуш ишин 24 млн 202 миң 850 сомго аткарууну сунуштаган «С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, тийиштүү келишим түзүлгөн.


Жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталгандай, түзүлгөн келишимдин шарттарында акча каражатын алдын-ала төлөө жагы көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жогорудагы ЖЧКнын дарегине акча каражат толугу менен которулуп берилип, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу иштери аяктабай токтоп калып, мамлекетке жалпы 6 млн 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн