Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Башкы прокуратура мыйзамсыз жабыркаган ишкерликке жардам көрсөттү

29.09.2021 14:46
564
Башкы прокуратура мыйзамсыз жабыркаган ишкерликке жардам көрсөттү



Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Г.Р” жабык акционердик коомунун өкүлүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишкердик субъектисине карата сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн негизсиз тергөө аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан “М.А.” аттуу жарандын кайрылуусу боюнча “Г.Р” коомуна карата сотко чейинки өндүрүш катталгандыгы белгилүү болгон.


Бирок, аталган компания мамлекеттик бюджетке тиешелүү салыктар менен төлөмдөрдү толук төлөгөндүгүнө карабастан (салык органдарынын тактамалары менен тастыкталган), тергөөчү (дээрлик 5 айдан кийин) “Г.Р” жабык акционердик коомуна тийиштүү лицензияларына камакка алуу (арест) тууралуу негизсиз өтүнүч келтирип, анын жыйынтыгында сот органдары тарабынан өтүнүч канааттандырылып, жогорудагы компаниянын лицензиялары камакка алынган. 


Натыйжада ишкердик субъектисинин укуктары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 2021-жылдын 4-мартындагы “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарынын талаптары бузулган.


Сотко чейинки өндүрүш ишин окуп чыгууда, лицензияга камак салынганга чейин жогорудагы компания тарабынан мамлекетке салыктар жана төлөмдөр боюнча бардык карыздар төлөнгөндүгү, кызмат адамдарынын аракеттеринде жана аталган жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир кылмыштын курамы жок экендиги аныкталды. Ошол себептен лицензиянын камакка алынышы жокко чыгарылып, Башкы прокуратура тарабынан аталган коомго карата сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн