Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратура жана JIA Бизнес ассоциациясы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

18.03.2021 19:16
512
Башкы прокуратура жана JIA Бизнес ассоциациясы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө



Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында Башкы прокурор К.Зулушев «JIA Бизнес-ассоциациясынын» өкүлдөрү Ж.Омошев, Ф.Пакыров, Ч.Акматов, К.Алы мырзаларды кабыл алды.


Жолугушууда мамлекеттик органдардардын көптөгөн текшерүүлөрүнүн ишкердикке тийгизген таасирлери, салык органдары тарабынан салык санкцияларынын ашыкча чегерилишинин көйгөйлөрү, объектилерди курууда уруксат берүүчү документтерди алууда түрдүү тоскоолдуктар бар экендиги, муниципалдык бийлик тарабынан жер тилкелерин бөлүүдө жана аларды пайдалануудагы мүчүлүштүктөр туурасында сөз жүрдү.


Аталган жолугушууда Башкы прокурор К.Зулушев Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатындагы 2021-жылдын 29-январындагы жана 2021-жылдын 4-мартындагы Жарлыктары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин кошумчалады.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча кызматташууну улантуу зарылдыгын белгилешти.


Эске салсак, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдары тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү же тоскоолдук кылуу фактысы орун алса алар прокуратура органдарынын күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн