Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:28
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Башкы прокуратура жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылды

08.02.2021 14:12
1067
Башкы прокуратура жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылды


Прокуратуранын көзөмөлүнүн негизинде жетим балдар жер тилкелерге ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук прокуратурасы Төөлөс айыл өкмөтүндө жүргүзгөн текшерүүсүндө аталган айыл өкмөттүн тургундары болуп саналган К.Б. жана К.А. аттуу жетим балдар турак жай куруу үчүн жер тилке менен камсыз болбогондугун аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2021-жылдын 30-январында райондук прокуратура Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты келтирип, орун алган мыйзам бузууну тез арада четтетүүнү талап кылган.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 1-февралында Төөлөс айыл өкмөтүнүн тийиштүү токтомдору кабыл алынып, жогорудагы жетим балдардын ар бирине 0,08 га келечекте турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилди.

Учурда токтомдорду каттоо органынан өткөрүү боюнча иштери бүткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн