Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура жол кырсыгына кабылган президенттин кортежи боюнча ишти иликтейт

07.06.2021 13:57
1352
Башкы прокуратура жол кырсыгына кабылган президенттин кортежи боюнча ишти иликтейт

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы "Спутник Кыргызстанга" билдирген.


Ага ылайык, факт боюнча иш кырсык болгон күнү эле, 4-июнда, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") боюнча козголгон. Аталган ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө. Анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү делген тарапка юридикалык баа бериле турганы айтылды.


Кырсык 4-июнь күнү болгон. Кортеждеги автоунаа Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочу менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен кортеждеги алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан.

Министрдин айтымында, жаракат алгандардын арасындагы УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси да бар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн