Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы болуп Мирбек Расулов дайындалды. Жаңы Конституциянын негизинде прокуратура органдарына кайрадан тергөө функциялары берилген.
Расулов Башкы прокуратурада тергөөчү болуп иштөө менен Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан ишти жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Темир Сариев, Карганбек Самаков, Хаджимурат Коркмазов, Урмат Аманбаева, Игорь Чудиновдун иштерин карап, Аксы окуясына байланышкан тергөө иштерин жүргүзгөн тергөө тобун жетектеген.
Азырынча Башкы прокуратура кадрдык дайындоо тууралуу маалымат бере элек.
Булак: Баракелде
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн