Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандар менен жолугушуу өткөрдү

14.01.2021 18:57
640
Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандар менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан жыйырмага жакын жаран тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук иштердин негизсиз создуктурууларына, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн айланасындагы талаштар боюнча талаптары менен кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, кабыл алуунун жыйынтыгы менен тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлерине конкреттүү көрсөтмөлөр берилди.

"Жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналгандыгын белгилеп кетмекчибиз. Аталган багыт боюнча жумуш улантылат",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн