Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Башкы прокурор Зулушев жарандар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

21.01.2021 15:55
626
Башкы прокурор Зулушев жарандар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бир катар жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматын кабарлады.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-январда Зулушев тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчиликтери менен биргеликте тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, кызмат өтөө учурундагы аскер кызматкеринин өлүмү туурасындагы факты боюнча, соттук иштердин негизсиз создуктурууларына, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн айланасындагы талаштар боюнча талаптары менен жыйырмага жакын жаранды кабыл алды.


Кабыл алуунун жүрүшүндө башкы прокурор прокурорлордон жарандардын талаптарын карап чыгып, мыйзам чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алууну талап кылды.

Аталган багыт боюнча жумуш улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн