Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:45
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Башкы прокурор жеке маселеси менен кайрылган жарандарды кабыл алды

20.01.2022 14:42
1266
Башкы прокурор жеке маселеси менен кайрылган жарандарды кабыл алды



Бүгүн, 2022-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга жана тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата ошондой эле ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилиги, башкармалыктардын башчылары катышты. Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.


Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн