Тогуздун айы 08, 2024
Убакыт: 22:51
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Башкы прокурордун орун басары Монголиянын элчиси менен жолугушту

08.10.2024 18:40
21
Башкы прокурордун орун басары Монголиянын элчиси менен жолугушту


Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча жана соттолгон адамдарды өз өлкөсүндө жазасын андан ары өтөө үчүн келишимдерди иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар бул багыттарда кызматташуусун бекемдөө жана эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосундагы кесиптик өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн документтерди даярдоо жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн