Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 23:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Батирлерден 82 миң доллар жана 18 миң долларлык буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды

Батирлерден 82 миң доллар жана 18 миң долларлык буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды

Батирлерди тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


6-кичи райондун тургуну 18-январда милицияга батиринден 82 миң доллар жана баасы 18 миң долларлык алтын буюмдары уурдалганы боюнча кайрылган. Жалпы чыгым 100 миң долларды түзгөн.

Бул иш КЖБРне катталган.


Октябрь райондук милициянын ыкчам изилдөө тобу аталган уурулукка шектүү жаранды кармаган. Ал 1984-жылы туулган А.М. аттуу жаран болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн