Куткаруучулар Максат жана Арка айылдарындагы тажиктердин кол салуусунан жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштерин аяктап, туруктуу жайгашкан жерине кайтып келишти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге 305 куткаруучу жана 35 техника тартылган.
Жалпы 136 үй тазаланып, курулуштун кийинки этабына даярдалган. Мындан сырткары 32 мобилдик үй, 61 чатыр тигилип, келген 1919,61 тонна гуманитардык жардамды муктаждарга жеткирүү иштери уюштурулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн