Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы таза суу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган айылды таза суу менен камсыз кылуу максатында учурда тике суу кудугу казылып, монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Монтаждоо иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе, Ак-Татыр, Самаркандек айылдары таза суу менен камсыз болот.
Таза сууну чыгаруу Мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн