Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары киши колдуу болуп каза болгону айтылууда

27.03.2022 16:40
494
Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары киши колдуу болуп каза болгону айтылууда


      Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Ош облусунун Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген. Аскарали Мухамадиев Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктары менен сыйланган.  



     "Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Аскарали Жунусовичтин бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт",- деп айтылат маалыматта.


Айрым маалыматтарга караганда, Мухамадиев мурда соттолгон тууганы тарабынан бычакталып каза тапкан.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн