Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткен облусу Түркмөнстандын Ахал облусу менен кызматташат

14.08.2020 18:19
828
Баткен облусу Түркмөнстандын Ахал облусу менен кызматташат


Баткен облусу Түркмөнстандын Ахал облусу менен кызматташуу пландарын талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы  өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Алишер Абдрахманов, Түркмөнстандын Ахал облусунун башчысы Язмухаммет Курбанов менен видео байланыш аркылуу маектешкен.


Тараптар эки мамлекеттин көп жылдык алакасын, достук, жакын мамилесин сыймыктануу менен белгилеп, мамлекеттер аралык кызматташууну улай, Баткен жана Ахал облустарынын кызматташуу багыттарын талкуулашкан.


Алишер Абдрахманов жана Язмухаммет Курбанов ар тараптуу кызматташууга кызыкдар жана даяр экендиктерин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүшкөн.


Ошондой эле жетекчилер бир бирине бекем ден соолук, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн