Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткен облусунда 300 миңдей шайлоочуга 215 участка даярдалды

14.08.2020 17:58
1391
Баткен облусунда 300 миңдей шайлоочуга 215 участка даярдалды


Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 289518 шайлоочу бар. Бул тууралуу Өкмөттүн облусдагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүүнү уюштуруу максатында ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун буйругу чыгып, даярдык иштери жүрүүдө.


Өкүлдүн буйругуна ылайык түзүлгөн облустук штаб, жер жерлерде уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барууда.


Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, пандемияга байланыштуу жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардан келген кайрылууларды өз убагында кароо, шайлоо участкалардында тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда облуста 289518 шайлоочу, 215 шайлоо участкалары бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн