Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:52
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда

20.09.2022 18:46
423
Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда



«Ички иштер органдары тарабынан коомдук коопсуздукту жана тергөө топторунун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, Тажикстандын баскынчылыгынан жабыркаган турак жайларды, мамлекеттик имараттарды, соода түйүндөрүн текшерүү жана андан кийин келтирилген зыянды аныктоо иштери уланууда», - деди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов.  


Социалдык объектилер жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү милициянын коргоосунда эвакуацияланган.


Жол коопсуздугу толук камсыздалып, унаалар ээн-эркин жүрөт. Гуманитардык жүктөрдү коштоо жүргүзүлүүдө.


Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусуна себеп болгон жагдайларды ар тараптуу жана тыкыр иликтөө үчүн ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү.


Мыйзамга каршы аракеттер улутуна же жарандыгына карап басмырлоо фактылары катталган эмес.


Гуманитардык жардамдын сарамжалдуу бөлүштүрүлүшү көзөмөлгө алынат.


Баткен облусунун милициясы жана КР ИИМдин Ички аскерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, күнү-түнү күзөт иштерин жүргүзүп, кырдаал толук көзөмөлгө алынган.


Баткен жана Лейлек райондорунун жабыркаган айылдарында башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарылбаган снаряддарды издөө жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн