Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткен облусунда малайзиялык ишкерлер тарабынан “Халал эт паркынын” ачылышы пландалууда

01.12.2021 15:31
5164
Баткен облусунда малайзиялык ишкерлер тарабынан “Халал эт паркынын” ачылышы пландалууда



 Долбоор Ислам корпорациясы тарабынан каржыланып, Малазия өлкөсү менен биргеликте ишке ашырылат. Мындан улам Малазиялык делегация Баткен облусуна келип, облустун мүмкүнчүлүгүн изилдеп кетти.  Бул тууралуу Баткен Медиа борбору кабарлады.


Халал паркы – эт жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча өнөр жай аймагы болмокчу. Халал паркынын аймагында асыл тукум, ири мүйүздүү жана майда малды бордоп семиртүү үчүн аянтчалар, союуга чейин ветеринардык экспертиза жүргүзүү үчүн карантиндик блоктор, эт-сүт азыктарын сактоочу тоңдургучтар, тери жана жүндү кайра иштетүүчү цехтер, ошондой эле өндүрүштүк цехтер жайгашат.


Халал паркы өндүрүш процессин эң аз чыгым менен жүргүзүүгө жана калдыксыз технологияларды колдонууга шарт түзөт. Эгерде аталган долбоор ишке ашып калса сүт жана эт азыктарын чет өлкөлөргө жогорку кошумча нарк менен экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн