Баткен облусунун аймагында 24-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарада жер-жерлердеги милиция кызматкерлери каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу затттарды сактоочу кампаларды текшерип чыгышты. Ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу, укук бузууларга жол бербөө максатында топторго бөлүнүп иш алып барышты.
Иш-мерчемдин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында катталган 7 факты уурулук кылмышынын бети ачылды. Кыргыз республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) боюнча 3протокол, 134-беренеси (ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу) менен 6 протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.
Кадамжай району боюнча жеке күзөт коргоо агенттиктердин ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 кызматкерине айып пулдар салынып, 2 сайсыз ок атуучу куралдар октору менен акт түзүлүп, убактылуу алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренесинин негизинде 9мергенчи атуулга протокол түзүлүп айып пулдар салынды. Эл арасында мыйзамсыз ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Майдан айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну ок атуучу куралдын стволун өз ыктыяры менен тапшырды. Укук бузуулар кодексинде көрсөтүлгөн 102-берене (ата-энелик милдеттерден качуу) менен-1, 126-берене (кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу) менен -2, 127-берене (жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен – 3 протокол түзүлдү. Мындан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан 134протокол толтурулуп, 2 мас айдоочу унаа башкарып жаткандыгы аныкталган. Мурда катталган 1 уурулук фактысынын бети ачылып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал эми Лейлек району боюнча 133-берене менен 11 атуулга, 134-берене менен 6атуулга протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. “Арсенал” иш-чарасынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн 2 жаран аныкталып кармалып, 5 уурулуктун бети ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн