Баткен облусунда "Мадина" шаарчасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Ассоль Молдакматова өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, бул шаарчада чек ара жаңжалында каза болгондодун жакындарына 36 турак-жай курулган. Ал үчүн 5 га жер бөлүнгөн болчу. Ар бир үйдүн короосу 6 сот турат.
Үйлөр жеке курулуш компаниялары тарабынан курулган. Шаарчага кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон Мадина Рахмаджанованын аты ыйгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн