Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткен облусунун аймагында коомдук абал турукташууда

18.09.2022 16:11
338
Баткен облусунун аймагында коомдук абал турукташууда



Баткен облусу боюнча коомдук-саясий жана криминогендик кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда, деп билдирди ИИМдин өкүлү Нурлан Исмаилов. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, Баткен облусунун аймагында коомдук абал салыштырмалуу туруктуу. Күч органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо. Облуста жалпы 2 миңден ашык кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында окуя болгон жерлерде ИИБнын кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иштешүүдө. Мындан тышкары, Лейлек районунун аймагында ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов коомдук коопсуздукту камсыздоону уюштуруу иштерин координациалоодо.

Учурда абал чыңалуу бойдон болгондуктан. Милиция кызматкерлери коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун максатында иш алып барууда. 

Облустун калктуу аймактарында милиция кызматкерлерден жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматчыларынан куралган кайгуулдар уюштурулууда. 

Ошондой эле, Лейлек районундагы Худжант-Канибадам трассасында коомдук коопсуздукту камсыздоого эки өлкөнүн ИИОнун 60 кызматкерден турган биргелешкен кайгуул иштей баштады.

Маалымат жыйынында “Учурда Баткен облусунун аймагында кырдаал турукташууда” – деп жыйынтыктады Нурлан Исмаилов.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн