Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткен облусунун башчысы Россиядагы мекендештер менен жолугушууларды өткөрдү

06.05.2022 10:09
665
Баткен облусунун башчысы Россиядагы мекендештер менен жолугушууларды өткөрдү



2022-жылдын 3-4-май күндөрү "Баткен-Өрүкзар" коомдук уюму тарабынан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган каргашалуу окуяда каза 36 жаранга багышталып, куран окулуп, эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Иш чара Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүп, ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, Баткен районунун Ак-Сай, Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөт башчылары жана КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрү менен бирге Орусияда эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары да катышты. 


Иш чаранын алкагында облус башчысы Абдикарим Алимбаев 2021-жылдын апрель-май айларында катталган чек ара окуясынан кийинки 1 жыл аралыгында жасалган калыбына келтирүү иштери туурасында маалымат берди. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында жасалып жаткан иш аракеттер, өзгөчө макамдын алкагында берилген жеңилдиктер боюнча да айтып өттү.


Ошондой эле иш чаранын алкагында волейбол, футбол боюнча да мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү командалар сыйланды.


Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Орусияда эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары менен жолукту.


Анда миграцияга байланыштуу бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, жолугушуу суроо-жооп иретинде жүрдү. Мигранттар менен болгон жолугушууда Баткен облусуна инвестиция тартуу, мигранттардын өз кичи мекенине келип ишкердик жүргүзүү маселеси да каралды. Өз кезегинде облус башчысы Абдикарим Алимбаев айтылган көйгөйлүү маселелер жана сунуштар боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлөөрүн айтып өттү. Аны менен бирге чет өлкөдө, өзгөчө Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештердин облустун ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экендигин баса белгилеп, КР Президенти Садыр Жапаровдун жана Баткен облусунун элинин атынан ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун алкагында кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагында жардам колун сунган Орусиядагы мигранттарга "Баткен-Өрүкзар" коомдук уюму тарабынан сый көрсөтүлүп, бир катар активисттерге, коомдук уюмдарга жана иш чаранын уюштуруучуларына облустук жана шаардык жетекчилик тарабынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар тапшырылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн