Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 11:59
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткен облусунун башчысы айылдарды өзүн-өзү каржылоого өтүшүн тапшырды

21.08.2021 16:41
1335
Баткен облусунун башчысы айылдарды өзүн-өзү каржылоого өтүшүн тапшырды



Бүгүн 21-август КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы бардык айыл өкмөттөрдүн башчыларына жана айылдык кеңештин төрагаларына чукул жыйын өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Алгач, жыйынга себепсиз кечигип келген айрым жетекчилер жыйындан четтетилип, аларга сөгүш жарыяланды.


   Облус башчысы жыйындагы жетекчилерге сөз сүйлөп, анда: “Көпчүлүк айыл өкмөттөр датацияда отурат, эмне үчүн ? Анткени иштешти билбейсиңер, эмне үчүн аракет кылбайсыңар? Эл силерге кайрылуу дегенди унутуп калды, түз эле силерден жогору турган кызмат адамдарына кайрылып жатышат. Анда жеригиликтүү бийликтин,айыл өкмөттөрдүн эмне кереги бар ? Өз айыл аймагыңарды өнүктүрүү программасын иштеп чыктыңарбы? Жок! Айыл өкмөттөр менен айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттары биргеликте ынтымак менен иш алып баргыла. Айыл тургундары менен кеңешкиле, акча жок, керектүү техникалык каражат жок деп отурасыңар , айрым иш аракеттерди акча каражатысыз иш жүзөгө ашырса болот. Эмне үчүн ички инвесторлорду тартуу, аларга колдоо көрсөтө албай жатасыңар, уюштуруу жөндөмдүүлүктү күчөткүлө”. 


Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы көйгөйлөрдү чечүүдө жеринде аракеттер ыкчам көрүлбөй жатканын кошумчалап, эгерде кайсы бир жетекчи өз ишин жогорку деңгээлде натыйжалуу аткара албаса элди да мамлекетти да кыйнабай кызмат ордун тапшырып кетүүнү талап кылды.Мындан сырткары элди турак жай менен камсыз кылуу иш аракети солгун жүрүп жатканы айтылып, урматтуу Президент элди турак жай менен камсыз кылууда көргөн аракеттерин жер-жерлерде эл арасында айыл аймак башчылары так атакара албай жатканын кошумчалады:  

  “Силерге ишенген элдин шору, даяр турган жерди туура бөлүштүрүп берүүнүн кандай кыйынчылыгы бар ? Президент өзү киришип, Жогорку Кеңештин депуттары колдоп, чечип берсе, эмне үчүн элди турак жайлуу кылбайсыңар ? Шалаакылык мамиле жасалып жатат. Тез арада сентябрь айынын соңуна чейин трансформацияланган жерлерди максаттуу жана туура элге бөлүштүрүп бергиле”!


Анан да айыл аймактарда ички жана сырткы инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү калкты жумуш ордулары менен камсыз кылуу маселеси каралып, бул багытта айыл аймак башчылары, аким-мэрлер иш аракеттерди активдүү жүргүзүү керектигин айтып, өз айыл өкмөттөрүн датациядан чыгарууну талап кылды. Анан калк арасында ар бир жетекчи үлгү болушу керектигин кошумчалады:

“Бир нерсе десе иштеп жатабыз деп отурасыңар, элдин ичинде көйгөй өтө көп, бийлик менен калктын ортосунда ишеним жок. Шалаакы мамиле менен Баткен облусу Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандыгынын 30 жылдыгында бир гана облус деп аталып гана калды. Башка чоң долбоорлор, жумуш ордулары, завод-фабрикалар курулуп калган жок! Урматтуу жетекчилер,акимдер,мэрлер,айыл өкмөттөр жана жергиликтүү кеңештин депутаттары. Бизди эл карап турат, андыктан биз күнү-түн жан үрөп иштешибиз керек. Чынчыл иштесен, адилеттүү сүйлөсөң, күчтүү болсоң эч ким каршылык көрсөтө албайт. Эгерде эч нерсе билбесен, уюштуруу жөндөмүң жок болсо сен кантип үлгү болосуң ? Кантип өз аймагынды өнүктүрөсүн”?


Жыйындын жүрүшүндө кошумча суугат суу,ичүүчү таза суу жана курулушу токтоп калган обьекттер, кышка карата даярдыктар жана алдыдагы 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча кеп болду.


Жыйындан соң облус башчысынын демилгеси менен айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагаларынын ортосунда командалар түзүлүп, ынтымак мелдеши спорттун футбол түрү боюнча уюштурулду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн