Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Баткен облусунун башчысы чек арадагы Жаштык айылынын тургундары менен жолугушуп, ооз ачууга катышты

14.04.2022 08:07
426
Баткен облусунун башчысы чек арадагы Жаштык айылынын тургундары менен жолугушуп, ооз ачууга катышты

Президенттнин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Жаштык айылынын эли менен жолугушуп, биргеликте ыйык Рамазан айынын урматына өткөрүлгөн ооз ачууга (ифтар) катышты. Бул тууралуу  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Аталган саамалыкта облус башчысы чек ара аймагынын элинин көйгөйүн жеринде угуп, суроолоруна жооп берди.


Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыйык Рамазан айында өлкөнүн анын ичинде Баткен облусунун тынчтыгы, өсүп өнүгүүсү үчүн дуба кылышты.


Белгилей кетсек облус башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүн Лейлек районунун Жаны-Жер айылында түнөп, чек ара аймактарындагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн