Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткен облусунун башчысы чек арадагы акыркы окуя тууралуу кайрылуу жасады

31.01.2022 09:56
1101
Баткен облусунун башчысы чек арадагы акыркы окуя тууралуу кайрылуу жасады

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 2022-жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасады.


Төмөндө КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кайрылуусу:


"Урматтуу мекендештер!


Баарыңыздар күбө болгондой 2022-жылдын 27-январь күнү кыргыз -тажик чек арасында дагы бир окуя болуп өттү.

Албетте, биз чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга болгон күч аракетти жасадык.


Окуя катталган күнү кырдаалды өзүм баш болуп көзөмөлгө алып, ошол эле түнү эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ок атышууну өз убагында токтотуп калууга жетиштик.


Андан соң, КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Баткенге келип, Тажик Республикасынын тиешелүү жетекчилери менен биргеликте эки ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


 Ал эми окуя орун алган аймактагы жашоочулар, облустук ыкчам штабдын аракети менен коопсуз жайга чыгарылды.

Кудайга шүгүр, окуядан эч кандай жоготуу болбоду. Бирок ок атышуу болгондуктан жеңил жараат алган жарандарыбыз жана айрым материалдык чыгымдар катталды.


Учурда жараат алган жоокерлер Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатышат.Алардын абалдары жакшы. Буюрса жакында ооруканадан чыгышат. Ал эми келтирилген зыяндар боюнча Баткен районунан комиссия түзүлүп, иш алып барып жатышат. 


Ошондой эле коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар этабы менен үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. 


Баткен облусунун чек ара аймактарында учурда кырдаал туруктуу. Эки тараптын тиешелүү күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, көзөмөлдөшүүдө.


Учурдан пайдаланып, чек арага жакын жашаган айылдын эр жигит азаматтарына жана элдин коопсуздугуна жардам көрсөткөн биздин күч структура кызматкерлерине ыраазычылыгымды айтып кетемин.


Ошондой эле “Баткенге жардам беребиз” деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин.


Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү ар дайым сиздер менен биргебиз.


Мекенибизде тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун!".



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн