Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен облусунун өткөрмө бекеттеринин жетекчиси жана "Көк-Талаа" пунктунун башчысы кармалды

15.11.2021 18:10
532
Баткен облусунун өткөрмө бекеттеринин жетекчиси жана "Көк-Талаа" пунктунун башчысы кармалды



УКМК тарабынан жүргүзүлгөн КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузууну менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.


“Көк-Талаа” ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.


2021-жылдын 13-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, пара катары акча каражатын алган деген шек менен КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы - “З.С.А.” жана “Көк-Талаа” ТКПнун башкы инспектору “М.Э.Э.” кармалып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Азыркы учурда КР УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн