Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Баткен районунда дагы 40 үй жакында пайдаланууга берилет

19.10.2021 12:40
2481
Баткен районунда дагы 40 үй жакында пайдаланууга берилет


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн 40нын (Баткен районундагы) курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткенде жалпысынан 140 үй курулуп, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган.

“Баткен районундагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө үй ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, президенттин демилгеси жана жеке ишкерлердин колдоосу менен 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн