Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен районунун тургуну облустун аймагында мыйзамсыз лотерея уюштурган

18.08.2023 15:39
544
Баткен районунун тургуну облустун аймагында мыйзамсыз лотерея уюштурган


Баткен облусунда лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Баткен райондук ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Лотереялар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган КР жарандары аныкталган.

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатып) Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.

Бул факты боюнча "Мыйзамсыз ишкердик кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн