Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен шаарынын мэриясында коррупциялык иш аныкталды

07.03.2022 13:48
585
Баткен шаарынын мэриясында коррупциялык иш аныкталды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбаган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жооптуу кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн 964 миң 700 сомдук тротуар (арык-лотоктору менен) курулуш объектисин акты менен колдонууга кабыл алышкан.


Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө жумуш аткаруучу тарабынан локалдык сметада каралган 1 млн 917 миң 443 сомдук тротуарга асфальт төшөө иши аткарылбагандыгы аныкталып, натыйжада бул зыян толугу менен ордуна коюлду.


Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн