Бугу 08, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Баткен согушунун катышуучулары митингге чыкты

30.09.2021 11:45
687
Баткен согушунун катышуучулары митингге чыкты

Бишкекте Баткен коогалаңына катышкан ардагерлер митингге чыгышты. 


Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.


Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевдин айтымында, каршылык акциясынын катышуучулары Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган.


Алар расмий макам берүүнү жана багуучусунан ажырагандар үчүн социалдык төлөмдөрдү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.

Баткен окуясында 54 эр-азамат каза тапкан. Куралдуу салгылаштын кесепетинен 21 адам майып болгон. Майып болгон жарандар учурда мамлекеттен 7 миң сомдук жардам алса, көз жумган жигиттердин үй-бүлөсүнө болгону 1000 сом берилет. Ардагерлер бул сумма абдан аз деп эсептешет.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн