Баткен облусунда 12 миң 221 окуучу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, облуста жаңы окуу жылына карата 224 мектеп эшигин ачты.
"1-класстын окуучулары толук реалдуу режимде окуп башташты. Ошол эле учурда санитардык талаптарды, аралыкты сактоого өзгөчө маани берилүүдө”, - деди Жаркынбек Максутов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн