Баткен шаарына Россия Федерациясы 1200 орундуу орус тилдүү, бардык шарттары менен комплекстүү мектеп куруп берет. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер тилкесин бөлгөн.
Бүгүн Россия өлкөсүнөн келген атайын эксперт Юлбаев Радик Зинатович мектеп комплекси үчүн бөлүнгөн жерде шаар башчысы И.Бурканов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Орусия өлкөсүнөн келген эксперт, 2022-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдү Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университетине бюджеттик негизде окуучуларды кабыл алып, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн