Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде 16 килограмм баңгизат менен Афганистандын жараны кармалды

13.06.2022 14:46
704
Баткенде 16 килограмм баңгизат менен Афганистандын жараны кармалды



ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Афганистандан чыккан баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Афганистандын жараны 1980-жылы туулган М.И.К. кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Шектүүдөн афган тектүү баңгизаттар өзгөчө ири өлчөмдө табылып алынган: 6 кг. 942 гр. “героин” жана 9 кг. 550 гр. “гашиш”. Кармалган адам бул баңгизаттарды Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнү пландаштырган. 


Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.


Кармалган адам Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган.  

Учурда тергөө иштери уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн