Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Шектүү катары күйөөсү кармалды. Баткенде 22 жаштагы келин өлтүрүлгөн

Шектүү катары күйөөсү кармалды. Баткенде 22 жаштагы келин өлтүрүлгөн


Баткен облусунун Кадамжай районунда муунтулган 22 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлап, окуянын чоо-жайын айтты.


Ага ылайык, 2024-жылдын 2-январында саат 15:00дөр чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери милицияга чалып, көчөдө аял кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабарлаган.


Бул иш Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып териштирүү жүргүзгөн.


"2-январь күнү Ж.Г. аттуу киши аялы А.К. менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында Ж.Г. аялын муунтуп, А.К. ошол жерден көз жумган. Ыкчам-тергөө тобу келиндин сол көзү көгөрүп, мойнунда кол менен муунтулган белгилер бар экенин аныктаган", — деп айтылат кабарда.


Маалым болгондой, көз жумган келиндин да, жолдошунун да кулагы жакшы укчу эмес.


Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү катары келиндин жолдошу кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн