Кулжа 04, 2025
Убакыт: 02:17
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө 60тай адам тартылды

12.08.2022 17:42
790
Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө 60тай адам тартылды

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен кошо жергиликтүү жарандар да тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Белгилүү болгондой, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан. Бирок үйүнө келген эмес.


Издөө иштерине Баткен шаарынан 9 куткаруучу, жергиликтүү элден 50 жаран, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн