Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ишке кирет

22.08.2023 12:07
541
Баткенде 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ишке кирет


Жакында Баткен шаарында 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев Чет-Булак кварталындагы өнөр жай зонасында курулуп жаткан ишканадан кабар алды.

Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. Жабдуулар Түркиядан алып келинген. Иш процесси, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт.

Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт. Алдыда өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат.

Белгилей кетсек, тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустагы алгачкы автоматташтырылган ыкмада иштеген эң чоң ишкананын толук кандуу ишке кириши, мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок ферма ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, өзү каза болгон.

Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу Адилет Абдувалиев алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн